«Альянс Алтын» бугай чейин Талас облусундагы, Көк-Токой айылындагы Ш. Шеркулов орто мектебинин көмүрканасы тар болуп көмүр түшүрүп аны сактоодо бир топ түйшүк жаралып келгенинен кабардар болгондон кийин, маселени чечүү максатында Альянс Алтын өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөтүп, аталган билим уянын көмүрканасын чоңойтуп берди.
Мындай аракеттер 2024-2025-окуу жылына карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жүргүзүлүүдө.
Мектептин чарба иштери боюнча адисинин айтымында эми мындан тарта аталган жайга 85-90 тоннага чейин көмүр сактоого болот.
Эми мектеп окуучуларынынын жакшы шартта билим алуусуна шарт түзүлдү. Ал үчүн фонд тарабынан 170 860 сом бөлүнүп берилди.
Эске сала кетсек, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду буга чейин аталган мектепке коопсуздукту камсыздоо максатында видеокөзөмөл камераларын орнотуп берген.