“Альянс Алтын” компаниясы энелерди майрамы менен куттуктады

Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы “Энелер күнү” майрамына карата Талас облусунда өткөрүлгөн бир катар иш-чарага демөөрчүлүк кылып, өз эсебинен 600 миң сом каражат бөлгөн. Бул тууралуу компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Кынатбек Сарчаев билдирди.

Анын айтымында “Энелер күнү” майрамынын урматына Талас облусунун мамлекеттик админстрациясы менен биргеликте Талас шаарындагы музыкалык окуу мектебинде 25 (жыйырма беш) “Баатыр энеге” баалуу белектер тапшырылса, таланттуу балдарды тарбиялап өстургөн энелер акча каражаты менен сыйланышты.

Аны менен катар 2022-2023-окуу жылында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Алтын тамга” номинациясына ээ болгон Талас облусу боюнча 6 (алты) бүтүрүүчүгө 20 миң сомдон акчалай каражат берилген. Алардын бири Айтурган Каныбекова алгачкы каржылык колдоо “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан болгонуна ыраазычылыгын билдирип, келечекте программист болуу максаты бар экенин айтты.

Мындан тышкары компания кен жайгашкан айыл аймагы болгон Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү 300гө жакын энеге жергиликтүү бийлик менен биргеликте сый тамак уюштуруп, майрамы менен куттукташты.

Бекмолдо айылдык кеңешинин төрагасы Стамбек Осмонов “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү бийлик менен бардык тармак боюнча тыгыз иш алып барып жатканын белгиледи.

“Биздин айыл өкмөт тарабынан өткөрүлгөн ар бир иш чарага, мейли ал спорттук болсун, маданий болсун “Альянс Алтын” компаниясы активдүү катышып келет. Алардын бири бүгүнкү “Энелер күнү” майрамын дагы биргеликте өткөрүп жатабыз. Мындай тыгыз иштешүү үчүн компанияга өзүмдүн жана Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарынын атынан ыраазычылык билдирем”, — деди Осмонов.

Сый тамак соңунда Бекмолдо айылдык аймагынан келген энелер уюштуруучуларга ырахматын айтышып, ак баталарын беришти.

1 Июнь 2023 жыл 17:45

Тема боюнча