Арак ичкендердин чыры өлүм менен аяктады

Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде болжол менен саат 22:00дө Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында 1974-жылы туулган жаран менен 1970-жылы туулган жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Натыйжада мушташ жаралып, 1974-жылы туулган жаран жанындагы адамга бир нече жолу бычак сайылган. Кесепетинен 1970-жылы туулган жаран алган жаракатынан көз жумган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.

29 Апрель 2024 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча