«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн ашууларына калыңдыгы 20 см чейин кар түшкөнүн билдирди.
Ишкананын маалыматына ылайык, жумушчулар жолдорду тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат, учурда ашуулардагы абал төмөнкүдөй:
— Бишкек — Ош унаа жолунун 125-136 тилкесиндеги Төө-Ашуу ашуусунда ала булут каптап, кар жаады. Учурда 1 жүктөгүч, 1 МАЗ, 1 автогрейдер тартылып, №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо, ошондой эле туз-кум аралашмасын себүү иштери аткарылууда. Жолдон өтүүгө чектөөлөр жок.
— Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 5-22 км аралыгындагы Өтмөк ашуусунда 5 см калыңдыкта кар жаап, №36 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары 1 жүктөгүч менен карды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык.
— Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жеткен. 1 автогрейдер, 1 Хово самосвалы, 1 КДМ кар тазалоочу унаасы менен тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Жалак-Бел ашуусунда кар жаап, № ЖТИ тарабынан жеринде кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда аталган жолдор ачык жана эч кандай чектөөлөр жок.
— Бишкек — Ош унаа жолунун 209-228-чакырымындагы Чычкан капчыгайында жааган кардын калыңдыгы 7-8 смге чейин жетип, №23 ЖТИ кызматкерлери кардан тазалоо иштерин жүргүзүп, ошондой эле туз-кум аралашмасын себишти. Тартылган техника: 1 Хово самосвал, 1 жүктөгүч жана 1 автогрейдер.
— Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда бир аз бороон жүрүүдө. Кардын калыңдыгы 10 сантиметрге чейин жеткен. Учурда ашуу ачык, чектөөлөр жок.