Атабеков «Орто Азия жылдызы» болду

Мирбек Атабеков Казакстандын «Кызык премиясында» «Орто Азия жылдызы» номинациясына татыды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Казак элине чоң рахмат! Кечээ «Орто Азия жылдызы» наамына ээ болдум», — деди ал.

Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган.

2010 -жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алса, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти болгон.

19 Декабрь 2023 жыл 23:01

Тема боюнча