Атазов: Матраимов менен байланышы бар эң чоң эки «китти» айтып коеюн

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында Шайлообек Атазов депутаттык мандатынын алынышы, Райымбек Матраимов менен байланышы, өзүнө карата каралоолор тууралуу билдирүү жасады.

Ал акыркы бир аптадан бери өзүнө карата каралоолор көбөйгөнүн айтып, фейк аккаунттар «Атазов митинг уюштурат экен» деген кептерди таратып жатканын жана бул калп экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, депутаттык мандатынын алынышына башкы прокурорду күнөөлөп, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу айтылгандарга да жооп берди.

«Ошол мандатты эки жылдан бери артымдан кууп жүрүп, башкы прокурор максатына жетти. Кара пиарды ким кылып жатат. Элдин аманатын эртең Кыяматта сураса, ошол жооп берет.

Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар, азыр аны менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Мен кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин да көп адам менен байланышканмын. Матраимов менен байланышы бар «майда балыктарды» эмес, эң чоң эки «китти» айтып коеюн, мына башкы прокурор, сиз үч жылдан бери прокурор болуп отурасыз, ал киши (Матраимов) чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда эле кармабайт белеңиз?» , — деди Шайлообек Атазов.

Атазов мындан тышкары, казино тууралуу мыйзам долбоорун колдогону үчүн кечирим сурады.

Акыркы жылдары он чакты депутаттын мандаты алынганын жана депутаттарга эркиндик керек экенин кошумчалады.

13 Март 2024 жыл 10:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча