Ырчы түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека Түркиядан үйлүү болгонун кабарлашты. Бул тууралуу Айдана Дека өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
«Бизде 2 жаңылык бар. Биринчиси жакшы, экинчиси андан да жакшы. Биринчиси, биз Аланиядан үй алдык. Терезеден кооз көрүнүшү бар люкс аймакта, үй азыр курулуп жатат. Экинчиси биз үчүн абдан маанилүү. Биз үйдү куруп жаткан компаниянын жүзү болдук», — деп жазды ырчы айым.