Автобус айдоочу менен велосипед тепкен жарандын ортосунда уруш чыгып, мушташа кетишкен (видео)

Социалдык тармактарда автобус айдоочу менен велосипед тепкен жарандын ортосунда уруш чыгып, кийин мушташка айланган видео тарады. Маалыматтарга караганда, окуя Манас менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек ШИИБден маалымат таратышып, аталган факты катоого алынганын, териштирүү иштери башталганын билдиришти. Милиция эки тарап тең арыз менен кайрылбаганын, бирок ага карабастан видеодогу жарандар изделип жатат.

16 Сентябрь 2024 жыл 9:56

Тема боюнча