Аял 5-кабаттан өзүнүн боюн таштады

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда 5-кабаттан секирип кеткен аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-мартта милицияга Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынын терезесинен белгисиз аял секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерден Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан белгисиз аялдын жансыз денеси табылып, ал ошол жерден каза болгону аныкталган. Аялдын өздүгү такталып, ал 1967-жылы туулган Б.З. болуп чыкты.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

5 Март 2025 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча