«Аялын 10 жолу бычактаган жарандын күнөөсүн сот жеңилдетти»,-деп туугандары нааразы болууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда 3 жылдан бери жашабай калган күйөөсү аялынын 10 жерине бычак сайган. Убагында медициналык жардам көрсөтүлүп аял аман калган. Бул тууралуу жабырлануучунун бир тууганы социалдык тармактар билдирип, бийлик тарабынан көзөмөл болушун суранууда.

Маалыматка ылайык, райондук сот жездесин актап күнөөсүн жеңилдетип койгондугун айтат. Анын айтымында катуу чара көрүлбөсө ал бул жорукту кайталай тургандыгынан чочулайт.

22 Октябрь 2023 жыл 14:32

Тема боюнча