Аялынын ар кайсы жерине бычак менен сайгылап өлтүргөн

Сокулукта аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февралда Лесной көчөсүндө Д.Н. жана Д.З. аттуу жубайлар ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Жеринде териштүү иштери жүрүп, чырды болтурбоо үчүн коргоо ордери берилген.

«Тергөөдө белгилүү болгондой, 4-февраль саат 8:00 чамасында кызганычтан жубайлар ортосунда чыр чыккан. Д.Н. аттуу киши аялынын ар кайсы жерине бычак менен сайгылап, натыйжада жубайы ошол жерден көз жумган«, — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголуп, 40 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

5 Февраль 2025 жыл 10:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча