Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги малымат таратты.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев тосуп алышты.

Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.

9 Апрель 2024 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча