Бүгүн, 15-декабрда элдик курултай башталат

Буга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 15-16-декабарда Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында Элдик Курултай өтө турганын кабарлаган.

Элдик курултайга быйыл ардактуу коноктор чакырылбайт. Шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат. Алдыдагы курултайга делегаттардан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

15 Декабрь 2023 жыл 10:01

Тема боюнча