Бүгүн, Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 10-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Суу диаметри 150 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

10 Май 2024 жыл 8:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча