Бүгүн күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды (түз эфир)

Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алгач грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.

Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагылар күч сынашат.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда бекитилет.

8 Январь 2025 жыл 13:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча