Бүгүн кыргызстандык 3 спортчу килемге чыгат

Бүгүн, 7-августта кыргызстандык 3 спортчу килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрсө, Амантур Исмаилов өзүнүн салмагы боюнча биринчи беттешке чыгат.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

7-августка карата жүгүртмө:

Саат 15:00дө коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттештер башталып, 77 кг чейинки салмак категориясында Акжол Махмудов менен Алексис Муньоз (Колумбия) күч сынашат.

97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков менен Джозеф Патрик Рау (США) килем үстүнө чыгышат.

Саат 15:30да алдын ала кармаштар башталып, 67 кг чейинки салмакта Амантур Исмаилов менен Рамаз Зоидзе (Грузия) беттешет.

7 Август 2024 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча