2024-жылдын 21-22-23-августа, Бишкек шаарында жайгашкан Каба Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу жана II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты өтөт.
Аталаган иш чараны Дене-тарбия жана спорт департаменты менен Республикалык Кыргыз Күрөш федерациясы жана Эл аралык Кыргыз Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Азыркы күндө 30дан ашык мамлекет каттоодон өтүп, 200 дөн ашык спортчулар келип күч сынашат.
Тактап айтсак, Президенттин Кубогунда Америка, Африка, Европа жана Азия мамлекетринин алптары күч сынашат.
Ал эми кубоктун жалпы байге фонду 1 000 000 сом жана баш байге баалуу таштар менен шөкөттөлүп жасалган калкан болмокчу.