Байсалов парламентке келип, кечирим сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында буга чейин эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканы үчүн депутаттардан кечирим сурады.

«Эл шайлаган депутаттардын макамына, Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине шек келтиргенге укугум да, ниетим да жок болгон. Саясатта, коомдук турмушта басып өткөн жолумда дайыма элдик бийлик, демократия, ачык талкууну колдоп келгем. Ошондуктан эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканым үчүн расмий түрдө кечирим сурайм. Баарыбыз биргеликте президенттин саясатын колдоп, бийлик бутактары конструктивдүү иш алып барабыз деп ишенем», — деди Эдил Байсалов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ага кошумчалап, президент, өкмөт башчы, парламенттеги фракция лидерлери, вице-спикерлер чогулуп, Байсаловдун маселесин талкуулашканын айтты. Президент Байсаловду парламенттен расмий түрдө кечирим сурашын талап кылып, акыркы жолу эскертүү бергени маалым болду.

 Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылышкан. Мындай сунушту «Ишеним», «Ата журт-Кыргызстан», «Мекенчил» депутаттык тобу берген.

13 Сентябрь 2023 жыл 11:08

Тема боюнча