Байтик баатыр – Горький көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат

4-июлда Бишкектин Байтик баатыр – Горький көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөлөрдүн кесилиши жабылгандыгына байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү: №195, 152, 103, 55, 56, 145, 102, 42, 169, 212.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарынан өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Өзгөргөн кыймыл чиймелер менен шилтемеден таанышсаңыздар болот.

Белгилей кетсек, учурда жолду капиталдык оңдоо иштери Байтик баатыр-Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жүрүүдө.

4 Июль 2024 жыл 7:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча