Баланы 1-класска электрондук каттоодо маселе жаралса эмне кылуу керек?

Баланы 1-класска электрондук каттоодо маалыматтар туура эмес чыгып же кандайдыр бир мүчүлүштүк жаралса каалаган Калкты тейлөө борборуна (КТБ) же Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эске салсак, 8-апрелде Кыргызстанда баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Балдарын мектепке берчү айрым ата-энелер буга чейин системада көйгөй жаралып, айрым учурда туура эмес маалыматтар чыгып калып жатканын соцтармакка жазышкан.

Министрлик мектепке бара турган бөбөктүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү сөзсүз компьютерге катталыш керектигин эскертти.

«Эгер баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү чет мамлекеттен берилсе КТБдан (Калкты тейлөө борбору) балага жеке идентификациялык номер алуу жетиштүү. Чет мамлекеттен алган күбөлүктөр санариптештирилбейт. Калган бардык техникалык суроолор боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылууну сунуштайбыз, анткени мектепке электрондук кабыл алуунун маалымат системасы министрлик тарабынан башкарылат», — деп жазылат кабарда.

Белгилей кетсек, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.

Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүрөт. Экинчи этапта 3-июндан 30-августка чейин бош орундары бар мектепке катталса болот.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. 2024-2025-окуу жылына карата каттоо министрликтин сайтында 24 саат бою жеткиликтүү.

15 Апрель 2024 жыл 9:30

Тема боюнча