Баткен облусунун милициясына 16 кызматтык унаа тапшырылды

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгына 16 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматынан кабарлады.

2024-жылдын 11-март күнү Баткен облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унааны тапшырды. Алыскы райондордо иш алып барып жаткан тартип сакчылары үчүн бул кубанычтуу жаңылык болду.

Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Баткен ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү
11 Март 2024 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча