Баткенде милиция кызматкерлери кылым карыта өмүр сүргөн 3 байбичени куттукташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Баткен РИИБдин башчысы жана өздүк курамы район аймагындагы улгайган карыяларды 1-октябрь — Улгайгандардын эл аралык күнү менен куттуктады. Рават айылындагы 103 жаштагы Асал Абдиломутова, Кара-Бак айылындагы 104 жаштагы Идаят Мурзабекова жана Самаркандек айылындагы 103 жашталгы Чайпан Муроталиеваны майрамы менен куттуктап, аларга жакшы тилектерин билдирип келишкен.
“Кылымдан ашуун жашаган апаларыбыз өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгеги бийик экенин билип, аларды урматтап, жакшы шарттарды түзүп берүү милдетибиз экендигин унутпашыбыз керек”, — деген РИИБ башчысы аларга акчалай жардам көрсөтүп, шириндиктерди берди.