Баткенде бейтаптар бөйрөк ооруларынан операциясыз айыгууда

Баткенде бейтаптар бөйрөк ооруларынан операциясыз айыгууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасындагы лазердик аппараттын жардамы менен бөйрөктөгү ташты алуу ыкмасы ийгиликтүү колдонулууда.

Ооруканадагы заманбап медициналык лазердин жардамы менен дарыгерлердин бейтаптарга операция кылбай, денесин кеспей, заара жолдору аркылуу бөйрөктөгү таштарды майдалап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дарыгерлердин айтымында, бейтаптар оорудан жеңил арылып, үч күн аралыгында үйүнө чыгарылууда.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, облус аймагында мамлекеттик бюджеттин каражатына сатылып алынган мындай жабдуу азырынча бирөө гана болгондуктан, ооруканага бардык район шаарлардан жана жакын жайгашкан Ош облусунун Ноокат, Араван районунун тургундары кайрылып жатат.

28 Январь 2025 жыл 10:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча