Баткенде дарыгер келинди күйөөсү бычактаган. Милиция маалымат берди

Баткен облустук милициясы күйөөсү бычактап ооруканага түшкөнү айтылган окуя тууралуу маалымат берди.

Маалым болгондой, 31-декабрга караган түнү Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жараат алган 31 жаштагы келин (И.Ч.) түшүп, ал тууралуу милицияга кабар берилген.

Бул факт каттоого алынып, ооруканага ыкчам-тергөө тобу барган.

Сурак учурунда келиндин 32 жаштагы күйөөсү (М.Б.) 30-декабрда жубайы менен пикир келишпестиктен улам урушуп кеткенин билдирген.

Ошондой эле келин көрсөтмө берип, өзүнө-өзү кол салганын, эч кимге арыз-доосу жок экенин айткан. Учурда аялдын абалы орто, бир калыпта.

Милиция тергөө амалдары жүрүп жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.

«Азаттык» жазгандай, 6-январда Баткендеги блогер Батмакан Жолболдуева «Фейсбуктагы» баракчасына дарыгер келинди жолдошу бычактап салганын жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү талап кылган.

7 Январь 2025 жыл 13:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча