Баткенде вакцина сактоочу кампа ачылды

22-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вакцина сактоочу кампасын ачуу аземине катышты.

Министрликтин маалыматына караганда, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында мүмкүн болду.

Вакцина кампасы абаны эффективдүү желдетүү системасы, жылытуу батареялары жана суу жылыткыч менен жабдылган. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы жана коопсуздук — өрт өчүрүү системасы орнотулду.

Кампанын жаңы имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

Министр өз сөзүндө жугуштуу оорулардын алдын алууда коомдук саламаттык сактоо кызматын күчөтүү маанилүү экенин жана муну COVID-19 пандемиясы көрсөткөнүн белгиледи.

23 Декабрь 2023 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча