Бажы кызматынын курама командасы кичи-футбол боюнча турнирде жеңишке жетишти

Мамлекеттик бажы кызматынын курама командасы бажы кызматтарынын командалар арасында кичи-футбол боюнча XV эл аралык турнирде жеңишке жетти.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, турнир 26-августтан 3-сентябрга чейин Беларустун Брест шаарында өттү. Жалпысынан Кыргызстан, Беларусь жана Россиядан төрт команда ойноду. Жеңүүчүлөр эки этапта аныкталды: биринчи — айлампалуу оюндар, экинчи — финал.

Турнирдин коло байгесин РУП «Белтаможсервис» командасы менен ойноп, Россиянын Бажы кызматынын командасы жеңип алды.

Финалдык оюнда КР Мамлекеттик бажы кызматынын командасы Беларустун Мамлекеттик бажы комитетинин командасын 6:2 эсебинде утуп, эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Салтанаттуу жабылыш аземинде турнирдин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине кубок жана медалдар тапшырылды. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүүчү болуп саналат жана бажы кызматтарынын ортосундагы достук байланышты чыңдоо максатында өткөрүлөт.

5 Сентябрь 2023 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча