
Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болду.
Тиешелүү документтерге ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Астанадагы саммитте кол коюшту.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Беларусь ШКУга толук кандуу катышуу үчүн бардык процедураларды кыска убакытта аткарганын билдирди.