Беш айда чет өлкөлөрдө каза болгон 249 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилген

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн июнь айында жасаган иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, элчилик жана консулдуктар тарабынан өткөн айда чет өлкөлөрдөн 13 кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жеткирүүгө жардам берилген.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл беш айда чет өлкөлөрдө каза болгон 249 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилген. Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүүгө мамлекет 23 млн. 260 миң сом төлөп берген.

2023-жылы чет өлкөлөрдөн 581 ашык кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келген, алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Түркия, Индия, АКШ жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн. «Жүк-200дү» алып келүү үчүн былтыр мамлекет 61 млн. 244 миң сом бөлгөн.

2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

9 Июль 2024 жыл 15:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча