Билим берүү министрлиги 80 миң мектеп мугалимине ноутбуктарды алып берүүнү көздөп жатат

Билим берүү жана илим министрлиги 80 миң мектеп мугалимине ноутбуктарды алып берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Ноутбуктар «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында сатып алынат.

Министрлик ишкерлерди жана өндүрүүчүлөрдү коммерциялык сунуштар менен [email protected] почтасына кайрылууларын өтүнөт. Сунуштар 7-июнь саат 17:00го чейин кабыл алынат.

Толук маалымат министрликтин сайтынан алууга болот.

29 Май 2024 жыл 12:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча