
2024-жылдын аягында Кыргызстанда жашоо минимум бир кишиге 7963 сомду түздү. Бул тууралуу 14-январда Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү Ырыскан Калымбетова билдирген.
Жашоо минимумунун суммасы 7681 сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 3,7%га өскөн.
2024-жылы эмгекке жарамдуу калк үчүн көрсөткүч 8906 сом, пенсионерлер үчүн 7063 сом, балдар үчүн 4805 сом болгон.