Бишкек — Кант жолунда бараткан эки унаа бетме-бет сүзүшүп, 5 адам оорукана түштү.
ЖКККББнын маалыматына караганда, чыгышты көздөй бараткан Volkswagen Golf 3 унаасы менен батышты көздөй келе жаткан Toyota Mark X унаасы кагышкан. Унаалардын бири каршы тилкеге чыгып кеткен.
Ал эми биринчи машинанын рулунда айдоочулук укугунан ажыраган, күбөлүгү жок 21 жаштагы жаран болгон. Ал эми Toyota Mark Xта жалаң чет элдик жарандар баратканы айтылды.