Бишкек мэриясы 21 жаштан 63 жашка чейинки айдоочуларды жумушка чакырат

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы 21 жаштан 63 жашка чейинки айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Талапка ылайык, айдоочунун D категориясы бар күбөлүгү, 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек.

Мындан тышкары, экономист жана базанын ичиндеги айдоочулар керектиги айтылды. Экономисттен жогорку билими жөнүндө диплом талап кылынса, базанын ичинде иштей турган айдоочулардын D категориясы бар күбөлүгү жана 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.

Ыңгайлуу иштөө жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнү кошумчаланды.

Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

10 Сентябрь 2024 жыл 8:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча