Бишкек мэриясына караган «Бишкек башкы архитектура» ишканасы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай чечим мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганы айтылды.
«Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.