
Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылганын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
«Ала-Тоо» аянты;
Эркиндик проспекти. Темир жолдон Чүй проспектине чейин;
Президенттик администрациянын жана ЖК имаратынын жанында;
Панфилов паркында;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
УКМК имаратынын жанында.
Ар кандай акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилет.