Бишкекте 16-ноябрда төрт троллейбус каттамга чыкпайт

Бишкекте төрт троллейбустук маршрут (№5, 6, 11, 14) 16-ноябрь күнү эртең мененки саат 08:00дөн тарта иштебейт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Мындай чектөө 16-17-октябрдагы КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына байланыштуу киргизилди.

Чектөө кайсы убакытка чейин созулары кийинчерээк кабарланат.

16 Ноябрь 2023 жыл 0:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча