Бишкекте 20 жаштагы жигит бассейнге чөгүп кетти

Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейндердин бирине жаш жигит чөгүп каза болгондугун Октябрь РИИБден тастыкташты.

Милицияга 22-октябрда саат 19:40та чакыруу түшкөн. Бул факты каттоого алынган. Милиция каза болгон жигиттин 20 жашта экенин тактаган. 

Жигиттин апасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан.

28 Октябрь 2024 жыл 16:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча