Бишкекте №7 жана №8 троллейбустук каттамдардын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте №7 жана №8 троллейбустук каттамдардын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр №18 көмөкчордондун фидердик өчүргүчтөрү белгисиз себептерден улам иштен чыккандыгына байланыштуу орун алды.

Кырсык жоюлганга чейин троллейбустук каттамдар убактылуу кыскартылды:


— №8 маршруттук каттам Чыгыш автобекетинен Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине чейин;
— №7 маршруттук каттам – Тунгуч кичи районунан – Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилишине чейин.

9 Октябрь 2023 жыл 23:12

Тема боюнча