Бишкекте Абдумомунов көчөсү бир нече күнгө жабылат

Нооруз майрамына карата Бишкекте Абдумомунов көчөсү бир нече күнгө жабылат. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноорузга карата иш-чара Т. Усубалиев атындагы эски аянтта өтөт. Ага байланыштуу Абдумомунов көчөсүнүн Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү 18-мартта саат 22:00до жабылып, 23-мартка караган түнү ачылат.

Кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздар үчүн кечирим сурап, жолдун жабылышына түшүнүү менен кароону өтүнөт.

19 Март 2025 жыл 8:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча