Бишкекте аялын ур-токмокко алган шектүү кармалды

Бишкекте аялын ур-токмокко алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-январда болжол менен саат 02:00 чамасында Ленин РИИБге аял кайрылып, жолдошу тарабынан сабалганын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран үй-бүлөлүк зомбулук аракеттери үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

17 Январь 2025 жыл 13:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча