Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда

Бишкек шаарында жакыр арада Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) элчилигин ачуу пландалууда.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган маселе президент Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда айтылган.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.

Теги:
13 Февраль 2024 жыл 9:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча