Бишкекте иммунитеттин деңгээлин текшерүү боюнча акысыз иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу, мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жарандар кан тапшыруу менен организминде кайсы оорууларга каршы иммунитет бар экенин биле алышат. Бул үчүн Бишкек шаарындагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда атайын пункттар ачылган.
Процедураны жүргүзүү үчүн регистратура med.kg сайтында каалаган Үй -бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталуу керек. Каттоо 2023-жылдын 13-ноябынан 25-ноябрына чейин созулат.
Республикалык вирустарга каршы илим-изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматовдун айтымында, 2002-жылдан бери сарыкка каршы 2,8 миллиондон ашык адам эмделген.
Натыйжада вакцина алгандардын арасында бул оору менен ооругандар катталган эмес. Бул көрсөткүчтөр В,Д сарыгына жана боор циррозуна, боор рагына каршы калыптанган иммунитет пайызын аныктайт.