Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган

Кечээ, 28-мартта Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар.

Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

Белгилей кетсек, комиссия буга чейин чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн борбордогу бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшерет.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 1-апрелине чейин мектеп окуучулары каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

29 Март 2024 жыл 8:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча