Бишкекте ымыркайдын жансыз денеси табылды

Чүйдөгү Аламүдүн районунда ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Такталгандай, 1-феваралда саат 17:37 чамасында Алма-Ата жана айланма көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган.

Аталган маалымат каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

Алдын ала териштирүү учурунда баланы 20 жаштагы К.А. аттуу келин таштаганы аныкталды. Ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде 7 айлык эркек баланы жансыз абалда төрөгөнүн, эмне кыларын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланын жансыз денесин күрөң кутучага салып, Эне-Сай жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаганын билдирген.

Азыркы учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

2 Февраль 2024 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча