Бишкектеги көк бөрү боюнча райондор аралык Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Оюн 18-23-февраль күндөрү «Ак-Кула» ат майданында болот. Ага ар бир облусттук аймактан бирден райондор катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Белгилей кетсек, көк бөрү оюну боюнча райондор аралык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.