
Бишкектен Сочиге аба каттамдар жанданарын «Манас» эл аралык аэропортунан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, Россиянын «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы ушул жылдын 25-майынан тарта Сочи — Бишкек — Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.
«Манас» эл аралык аэропортунан Сочи шаарына учак жумасына бир жолу, ишемби күндөрү, учат.