Бишкектин Ала-Тоо аянтын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда

Бишкектин Ала-Тоо аянтын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу «Бишкекбашкыархитектура» МИ коллегиялык жыйынында борбор калаанын башкы архитектору — ишкананын башчысы Урмат Карыбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, борбордук аянтты маданий жана туристтик объектке айлантуу мерчемделүүдө.

«Павильондордо атайын фирмалык жана эксклюзивдүү бутиктер жайгашат», — деди Карыбаев.

13 Март 2024 жыл 0:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча