Бивол жеңилиши тууралуу үн катты

«Мени колдоп, мен үчүн камтама болгондун баарына ыраазычылык билдирем. Жыйынтыкты кабыл алам жана күрөштү улантам». Мындай билдирүүнү Дмитрий Бивол соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Токмокто туулуп-өскөн Дмитрий Бивол Эр-Рияд шаарында өткөн «Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону» наамы үчүн 12 раунддук беттеште атаандашы Артур Бетербиевге утулуп калды. Калыстар тобунун эсеби төмөнкүдөй болгон: 114-114, 115-113, 116-112. Калыстардын чечими учурда соцтармакта талкууланып бүтпөй жатат.

14 Октябрь 2024 жыл 9:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча