Блогер Адыл Акжол уулу кармалды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, блогер Адыл Акжол уулу кармалып, камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 4-октябрга чейин камакка алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кайсы иш боюнча экени маалымат жок.

13 Август 2024 жыл 7:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча