«Бомба коюлду» деген жайлардан эч нерсе табылган жок

Бүгүн, 19-октябрда саат 08:40 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Жогорку Сотунун имаратында, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратында, андан соң «Азия Молл», «ЦУМ-Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплекстери, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда дагы бомба бар деп болжолдонгон билдирүүлөр түшкөн.

Жогорудагы фактылардын негизинде райондук башкармалыктардын жетекчилиги жана тергөө топтору окуя болгон жерге барышкан. Имараттардын ичиндеги жарандар эвакуацияланып, аймактар курчоого алынган. Ошондой эле ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Саат 14:40 чамасында түшкөн малымат боюнча, кинологтору тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчи Май, Ленин райондук сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, «Азия Молл», ЦУМ «Айчурок» соода борборлордун имаратында эч кандай шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес.

19 Октябрь 2023 жыл 15:32

Тема боюнча