«Боордош» көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Бишкектеги «Боордош» көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Биринчи май районунун башчысы Улан Сарылбек уулу, социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев жана райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Рэйна Султанмуратова катышты.

Митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт эскеришип, жоокерлердин эстелигине гүл коюшту.

6 Май 2024 жыл 15:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча